Кадыр Жарматов каза болгон жубайын эскерип: Жаныңа баргым эле келип турат...

18 май 2021 11:22 6093 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Шоумен, актёр Кадыр Жарматов келинчеги Каныкей Саматова жок 27-күн жашап жатабыз деп эскерди. Бул тууралуу тамашоучунун соцтармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Тамак бышты, келесизби? Каяктасыз? Мыналарды ала келиңиз. Балдарды ойнотуп келели… деп эми эч ким жазбайт, дагы деле ишенбейм. Балдар кыйналды, бирок айтышпайт. Сенсиз 27-күн жашап жатабыз. Жаныңа баргым эле келип турат, бирок козуларымды ойлойм. Буюрса, качандыр бир убакта акыретте көрүшөбүз. Эркектерге кайрылам, колдон келсе аялыңарды катуу сыйлагыла! Мен көкүрөгүмдөгү кайгыны, арманды айтып түшүндүрө албайм… Кош, жан эркем! Сен биздин түбөлүк жүрөгүбүздөсүн. Аллахым бейишин берсин", - деп жазган Кадыр Жарматов.

Эске сала кетсек, шоумен жана актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова 22-апрелде каза болгон. Анын артында эки уул, эки кызы калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kadyr-zharmatov-kaza-bolgon-zhubajyn-eskerip-zhany-bargym-ele-kelip-turat



Добавить комментарий