Кадыр Жарматов: Каныкейимдин өткөнүнө 40 күн болду. Барсбегим апасына куран окуп жатат

2 июнь 2021 12:04 2018 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Шоумен Кадыр Жарматов жубайынын каза болгонуна 40 күн болгонун айтып эскерди. Бул тууралуу тамашоучунун соцтамактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн Каныкейимдин өткөнүнө 40 күн болду. Ыйлап сыздап кайгырып олтуруп 40 күн бат эле өтүптүр! Ал эми мага аялым аманат кылып таштап кеткен козуларымдын бүгүн майрамы. Аллахтан күн түн тилейм, жашоонор берекелүү болсун! Омурунор узун болсун! Аллахым жолунарды ачсын. Ден-соолугунар чын болуп, бактылуу уул кыздардан чонойгула! Салих салиха уул кыздардан болгула! Ыймандуу болуп, эл жерге кызмат кылсын! Ырыскынар кенен болсун!  Амиинь. Аллах омур берип куч кубат берсе силерди эчтекеден кем кылбай чонойтом буюрса. Азыр ото ыйлап олтурам бугун балдарым суйунуп тайэнесинин уйуно кетишти. А мен болсо уйдо жалгыз ээнсиреп калдым. Чындыгында кыйын экен. Чондорум өздөрүн эптеп үйрөнүп калышты. Кичинекейим экөөбуз чогуу жатып чогуу тамак жеп калдык эле. Эркелегенин сагынып сыздап олтурам.Каныкейим неге таштап кеттин экен. Барсбегим куран жаттап апасына күндө куран окуп жатат. Ылайым үмүр бою дуба кылып откуло. Көз тийбесин силерге байлыктарым, аманаттарым! Кара дубадан, жаман назардан Аллах өзүн сактай кор! Жакшы жургуло менин кичине жөжөлөрүм. Жакында буюрса 15 20 күндо көрүшөбүз насип кылса” , - деп жазган Кадыр Жарматов.

Эске салсак, Кадыр мырзанын жубайы Каныкей Саматова 22-апрелде көз жумган. Артында 2 уул, 2 кызы калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kadyr-zharmatov-kanykejimdin-otkonuno-40kun-boldu-barsbegim-apasyna-kuran-okup-zhatat



Добавить комментарий