Кадыр Маликов: педофилдерди өлүм жазасына тартып, же эл алдында катуу жазалоо керек
Теолог Кадыр Маликов кыргыз өкмөтүнө балдарга ыдык көрсөткөндөрдү жана зомбулук жасагандарды өтө оор жазага тартуу керектигин сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
“Педофилдер менен зордукчуларга катуу жаза берүү керек. Педофилдерди жоопко тартуу — химиялык жол менен бычуу боюнча коомдо көптөн бери талкуу болуп келет. Тилекке каршы чындап катуу жазалоо боюнча сөз жок”, — деп жазды ал.
Маликов балдарга ыдык көрсөтүү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өсүп жатканын белгилейт.
“Атасы кызын зордуктады, күйөөсү аялын мыкаачылык менен өлтүрдү! Үйүндө катуу сабалган аялдар тууралуу ай сайын айтылат. Анын көбү тилекке каршы каргаша менен аяктап жатат”, — дейт теолог.
Ал ошондой эле, маданият, билим берүү гана төмөндөбөстөн баалуулуктар дагы алмашканына токтолот. Базар экономикасынын “баалуулуктары” менен чоңойгон муун бардыгын акчага сатып алса болот деп ойлойт. Андыктан биз бүгүнкү күнү сөзүнө турбаган, эки жүздүү, майдачыл эркектерге күбө болуп жатабыз.
“Мына ушул нерсе учурдагы эркектердин деградациясынын көрсөткүчү эмеспи?”, — деп суроо салат Маликов.
Дин аалымы Исламда эркектин милдети аял менен баланы коргоо экени жазылганына токтолот. Мына ушундай терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн педофилдерди өлүм жазасына тартып, же эл алдында жазалоо коомду эсине келтирет, дейт ал.
Добавить комментарий ×