Кадимки кактустан кездеме жасалып, кийимдер тигилүүдө (Видео)

12 июнь 2020 15:22 1099 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мексикалык эки ишкер кактустан экологиялык таза кездеме өндүрүп алуунун жолун тапты. Аны кадимки булгаарындан ажыратууга мүмкүн эмес.

Кактусту өстүрүү анчейин татаал эмес, суу куюп убара болбойсуң, бат өсөт жана ага химикат колдонулбайт.

“Десерт” аталышындагы кездемени Адриан Лопес Веларде жана Март Касарес аттуу тургундар 2гектар кактус талаасына ээлик кылып, андан бир айда 500миң метр экологиялык таза булгаары чыгарышат.

Жаратылышты коргоо уюмдары, мода индустриясында эмгектенгендер үчүн бул чоң сенсация жаратты. Алгачкы көрсөтүү кечеси Миланда өттү.

Андан ар түрдүү нерселерди жасоого болот, бут кийим, баштык(сумка), капчык, авто унаалардын отургучтары үчүн каптама ж.б.


Ссылка: https://barometr.kg/kadimki-kaktustan-kezdeme-zhasalyp-kijimder-tigild-video



Добавить комментарий