Кадамжайда селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат (Сүрөт)

29 июль 2020 17:53 1478 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кадамжайда селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 28-июлда саат 18:00 чамасында  Баткен облусунун Кадамжай районун Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактарынын аймагында  катуу жааган жаандан соң  сел жүрүп:

- Орозбеков айыл аймагынын Охна сайына темир-бетон шакекчеси менен курулган 3 көпүрөнү бузуп кеткен;  

- Таш-Булак сайынан ички-чарбалык жол катары пайдаланган жолдун 800 метр аралыгын сел каптаган;

- Жошолу сайынан ички чарбалык жол катары пайдаланган  жолдун 970 метр аралыгын сел жууп кеткен;

- Көтөрмө айыл аймагына  караштуу  Гайрат айылында Кадамжай-Шахимардан авто жолуна болжол менен 20м3 кум шагыл түшкөн;

- Гайрат айылындагы 4 турак жайдын тамаркасында жана 1 турак жайдын подвалына сел суулары кирген;

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, №46 ЖТИ ишканасынан 1 даана грейдер, 2 даана погрузчик, 1 даана  Хово техникалары тартылып, Көтөрмө -Тамаша авто жолун тазалоо, калыбына келтирүү иштери аткарылууда. 

Ошондой эле, Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 1 даана техника жана 18 жергиликтуу тургундар тартылып, ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, огород участкаларды тазалоо иштери жүрүүдө. Ички чарбалык темир бетон шакекче менен курулган көпүрөлөрдү  калыбына келтирүү иштери аткарылууда.  

Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhajda-selden-kijin-tazaloo-ishteri-bolup-zhatatsrt



Добавить комментарий