Качып жүргөн кылмыштуу топтун башчысы кармалды
Уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Жылдызбек Бекмурзаев Каракол шаарынан 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Бекмурзаев көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер. Ал бир канча акча алмаштыруучу жайларды тоногондугу, Бишкектеги айрым кафелерге кол салгандыгы жана дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун үйүн карактоодо дагы тийиштиги бар деген айыптоолор менен изделип жүргөн. Өзү Талас облусунан болот. 1986-жылы туулган.
Ошондой эле берилген маалыматта, кылмышкерди кармоо учурунда милиция кызматкерлери анын жанында наркотикалык зат болгондугун аныкташкан. Учурда укук коргоо органдары анын дагы башка кылмыштарга тиешеси барбы жокпу иликтеп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kachyp-zhrgn-kylmyshtuu-toptun-bashchysy-karmaldy
Добавить комментарий ×