Камчыбек Ташиев: "Өзбек жарандары биринчи үйдү алар күйгүзүшүп, кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан"
Өзбекстандын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзүнө Камчыбек Ташиев Чечмедеги суу булагы Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, коңшу мамлекеттин жарандарына макулдашуу аркылуу гана берүүгө болорун, окуя боюнча кыргыз эле кечирим сурабаарын өзүнүн фейсбук баракчасына жазып, аны төмөндөгүчө түшүндүрдү.
«Булагыбызды тазалоо учурунда өзбек жарандары келип кол салышкан жана биринчи үйдү алар күйгүзүшүп, кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан, биздин атуулдар бир канча убакыттан кийин топтолуп келишкен. Биз өзбек элин, мамлекетин сыйлайбыз жана сүйлөшүүгө милдеттүүбүз» - деди К. Ташиев.
Эске салсак, 31-май күнү, саат 12:30дар чамасында Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 15 киши жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/k-tashiev-birinchi-jd-alar-kjgzshp-kyrgyz-zharandaryn-ur-tokmokko-alyshkan
Добавить комментарий ×