K-pop жылдызы бир нече кызды зордуктоого айыпталып камалды

18 август 2021 10:50 1551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын поп-жылдызы, белгилүү EXO K-pop тобунун мурдагы ырчысы Крис Ву зордуктоого шектелип Кытайда кармалды. Бул тууралуу “The Korea Times” булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Пекиндин Чаоян районунун прокуратурасы Крис Вунун камакка алынышын расмий тастыктады.

Музыкант бир нече кызды алдап күч колдонгону тууралуу Пекиндин полициясы маалымдады.

Эскерте кетсек Крис Ву – рэп ырчысы, обончу, актер, модель жана EXO-M тобунун мурдагы мүчөсү болуп саналат. Ал Кытайдагы Louis Vuitton, Bvlgari, Porsche компанияларынын жүзү болуп келген. Ал айыпталгандан кийин бир нече бренддер дароо келишимин токтотушту.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/k-pop-zhyldyzy-bir-neche-kyzdy-zorduktoogo-ajyptalyp-kamaldy



Добавить комментарий