«John Deer» жана «Wilson Elser» америкалык компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

1 октябрь 2018 12:15 918 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз hеспубликасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Америка Кошмо Штатына жумушчу сапарынын алкагында Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин (АКИК) ТөрагасыТомас Файерстоун менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

«John Deer» жана «Wilson Elser» компаниясынын өкүлдөрү катышкан жолугушуунун жүрүшүндө Кубатбек Боронов Кыргыз республикасынын өкмөтү тараптан экономикалык, салык жана башкатармактардагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупция менен күрөшүү жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык абалды түзүү тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Томас Файерстоун АКИК 2016-жылы түзүлгөндөн берки ишмердиги тууралуу маалымдап, ошондой эле жакынкы келечектеги Кеңештин иши боюнча өз көз караштары менен бөлүштү.

«John Deer» жана «Wilson Elser» америкалык компанияларынын өкүлдөрү биздин өлкө менен кызматташууларды түзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн АКИК менен кызматташуусун мындан аркы активдештирүүнү күчтөндүрүү, АКИК өкүлдөрүнүн жана башка америкалык компаниялардын республикага сапарын уюштуруу, ошондой эле 2019-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында Кыргыз-Америка бизнес-форумунун экинчи жыйынын өткөрүү аракеттерин көрүүгө макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/john-deer-zhana-wilson-elser-amerikalyk-kompaniyalarynyn-kldr-kyrgyzstan-menen-kyzmattashuuga-kyzykdar



Добавить комментарий