"Альянс Алтын” венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат
"Альянс Алтын" ишканасынын башкы директору Сабир Рахматов менен Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча меморандумга кол коюшту.
Документ узак мөөнөттүү натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
«Белгилүү болгондой, «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусун өнүктүрүүгө басым жасайт. Биз муну менен ар кандай долбоорлорду каржылоого даярбыз. Мисалы, венгриялык жабдууларды сатып алсак болот", - деди Темирбек Эркинов.
"Алдыда чоң долбоорлор турат, аларды ишке ашырууда венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу чоң натыйжа берет деп ишенем. Биргеликте Талас облусуна көп иштерди жасай алабыз", - деп кошумчалап өттү Сабир Рахматов.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:
• бизнес-долбоорлорду, анын ичинде Талас облусунда кичи жана орто бизнес чөйрөсүн алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу;
• жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү;
• Талас облусунун жана Венгриянын ишкерлеринин ортосунда байланыштарды түзүү;
• долбоорлорду, анын ичинде инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат берүү;
• Венгрияда өндүрүлгөн товарларды, жабдууларды издөө;
• рыноктун ар кандай сегменттери боюнча аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашуу;
• мал чарбасын өнүктүрүү, ишке ашыруу жана сут продуктыларын өнүктүрүү.
Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-vengr-kyrgyz-nktr-fondu-menen-kyzmattashat
Добавить комментарий ×