Үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган ишкер айымдарды атайын окутуу башталды

16 май 2023 11:19 961 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үй тибиндеги бала бакча ачууну каалагандар окуудан өтүшөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 10-майда үй шартында бала бакча ачууну каалаган ишкер айымдар үчүн окутуу башталды.

“Учурда бул программа боюнча Ленин районунда 150дөн ашык, Биринчи май районунда 90 аял каттоодо турат.

Ишкер аялдарды окутуу №8, 44, 81 жана 28 мектептердин базасында жүргүзүлөт.

Сабактарды саламаттыкты сактоо, өрт коопсуздугу боюнча атайын даярдалган тренерлер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамы үч күн бою  өткөрөт.  Сабактардын аягында минималдуу шарттар менен үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүндүк берген Сертификаттар тапшырылат.

Кызыккан жеке ишкер аялдар төмөнкү шилтеме боюнча каттала алышат: https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA.

Ошондой эле, бул долбоордун алкагында окутуу уруксатсыз иштеп жаткан үйдөгү бала бакчаларды мыйзамдаштырууга шарт түзөрүн эскертебиз”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/jn-bala-bakcha-achuunu-kaalagan-ishker-ajymdardy-atajyn-okutuu-bashtaldy



Добавить комментарий