Үйлөргө тобу менен кирип алтын, акча жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөн балдар кармалды

9 октябрь 2018 12:00 4238 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Үйлөргө тобу менен кирип алтын, акча жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөн балдар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну топтошкон ууру балдар үйлөргө кирип кымбат баалуу буюмдарды уурдап жүргөндүгү тууралуу жана өзүнун үйүнөн 75 миң сомго бааланган алтын, кымбат буюмдарды уурдатканы тууралуу арыз жазган. 

Издөө иштеринин жыйынтыгында 1992-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран жана1992-жылы туулган  А.А. аттуу жаран Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалды. Уурулардын  учүнчүсү 1984-жылы туулган И.у.И аттуу жаран кылмыштуу топтун активдүү мучөсү катары учетто тургандыгы такталды.

Балдар 1-сизого камалып учурда иликтөө иштери журүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/jlrg-tobu-menen-kirip-altyn-akcha-zhana-bashka-baaluu-buyumdardy-uurdap-zhrgn-baldar-karmaldy



Добавить комментарий