Түркиянын май куючу жайларында миңдеген тургундар кезек күтүүдө
Түркиянын миңдеген тургундары лиранын куну түшүп кеткенден кийин күйүүчү майдын баасы жогорулап жаткандыктан улам май куючу жайларда узун кезек күтүшүүдө. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.
Энерегетика, бензин жана газ менен камсыздоо станцияларынын жумуш берүүчү союзу (EPGIS) эртеңден тартып бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ кымбаттарын жарыялангандан соң май куючу жайларда кезек күткөндөрдун саны кескин жогорулады.
ЖМКлар узак кезектер менен айдоочулардын ортосунда чатакташуулар келип чыгып жатканын кабарлоодо.
Буга чейин лиранын наркы түшүп кетип Стамбул жана Анкара шаарларында чачкын түрдө нааразылык акциялары өткөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-maj-kuyuchu-zhajlarynda-midegen-turgundar-kezek-ktd
Добавить комментарий ×