Үйлөнүү үлпөтүндө чагылган түшүп 17 киши каза тапты
Бөлүшүү:
Кечээ, 4-августта Бангледештин Чапайнавабгандж районунда үйлөнүү тойдо жүргөн 17 адамга чакылган тийип каза табышты. Бул тууралуу The Nation булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Чагылган бир нече конокту Падма дайрасы аркылуу алып бара жаткан кемеге түшкөн. Катуу нөшөрдөн улам кеме жээкке токтоп, якорун чөгөргөн кезде ага чагылган түшкөн. Табият кырсыгынын кесептинен 17 адам мүрт кетти, 6 киши жабыркады.
Басылма билдиргендей, жылдын ушул мезгилинде Бангладеште нөшөрлөгөн жамгырлар жаап, чагылган тез-тез болот.
Ссылка: https://barometr.kg/jln-lptnd-chagylgan-tshp-17-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×