"Үйдө жалгыз болгон". Бишкекте 3-кабаттан кулап кеткен бала тууралуу окуянын чоо-жайы

2 апрель 2021 20:02 2570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткен бала окуя болгон учурда үйдө жалгыз болгон. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, милицияга бүгүн, 2-апрелде саат 10:42 билдирүү келип түшкөн.

“Айтылган дарекке Ленин РИИБинин кызматкерлери барганда 2015-жылы туулган бала көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткени аныкталган. Кырсык болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы балага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан соң №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришти.

Ал эми, окуя болгон учурда, бала үйдө жалгыз болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 150-берене "коркунучта калтыруу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эске сала кетсек, буга чейин, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 6 жашар бала кулап кеткени тууралуу жазганбыз. Дарыгерлер балага баш мээнин чайкалышы жана ичтин жабык жабыркашы деген диагноз коюшкан. Дарыгерлердин айтымында, учурда баланын акыбалы туруктуу жана анын эч жери сынган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/jd-zhalgyz-bolgon-bishkekte-3-kabattan-kulap-ketken-bala-tuuraluu-okuyanyn-choo-zhajy



Добавить комментарий