Үй шартындагы пайдалуу кеңештер

23 январь 2019 13:38 1823 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1.Эгерде сиздин кийимиңиздин бир жери дак болуп калса, анда пияз сизге жардамга келет. Болгону дак болгон жерге пияздын ширесин 24 саат боюу коюп койгон жетиштүү.

2.Тоңдурулган жемишиңиз дагы да узак убакытка сакталсын десеңиз, анын түбүндөгү кагазды бат-баттан алмаштырып туруңуз.

3.Лимондун кабыгын ыргытпаңыз. Лимондун кабыгын идиш жууп жатканда чогуу колдонсоңуз, идишиңизди агартып соонун кылып коёт.

4.Алтын шакегиңизди агарта албай жатасызбы? Анда аны идиш жууган каражаттан бир эки тамчы куюп, 15 мүнөт салып кою жетиштүү. Кийин аны кургак сүлгү менен аарчып жалтыратып аласыз.

5.Жаңы алган джинсы шымыңыздын өңү өчпөшүн кааласаңыз, аны туздуу сууга салып коюңуз.

6.Күрүчтүн эзилбей бышуусу үчүн, аны сууга чылап жатканда лимон кычкылынан үч тамчы кошуп коюңуз.

7.Кызылча жемиши жок дегенде 3-4 саат кайнаганда анан бышат. Ал тез бышуу үчүн, бир саат кайнаган соң, оттон алып мээлүүн сууга 10 мүнөт тыныктырып койсоңуз дароо бышып калат.

Ссылка: https://barometr.kg/j-shartyndagy-pajdaluu-keeshter



Добавить комментарий