


Үй шартында бетти кантип агартса болот?
Үй шартында бетти агартуунун бир нече ыкмасын адистер сунуштайт.
1. Бадыраң менен бетти агартуу маскасы. Бадыраңды тазалап, туурагычтан өткөрүңүз. Бадыраңдын ортосундагы жумшак жерин алып, чай кашык лимон ширеси менен жарым аш кашык каймак кошуп, аралаштырабыз. Даяр болгон масканы бетке сүйкөп, 15 мүнөткө калтырып, бетти жууйбуз.
2. Сүт азыктары менен бетти агартуучу маска. Айранды бал менен аралаштырып, сүйкөп, 15 мүнөткө калтырыңыз да, жууп таштаңыз.
3. Лимон менен каймактан бетти агартуу маскасы. Коюу каймактан бир аш кашык алып, бир аш кашык лимон ширесин кошобуз. Аралаштырып, бетке сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жуйсуз.
4.Күрүч маскасы. Күрүчтү жумшак болгончо кайнатып, даяр болгондон кийин, муздатабыз. Андан кийин сүйкөйбүз. Же муз формасына даяр болгон күрүчтү салып, тоңдуруп, муз катары күрүч менен бетти сүртсө болот. Мындан кийин милдеттүү түрдө крем сүйкөш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/j-shartynda-betti-kantip-agartsa-bolot
Добавить комментарий ×