Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо мыйзамына өзгөртүүлөр каралды
Жогорку Кеңеште КР Жоруктар жөнүндө кодексинин жана КР Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн 6 жыл ичинде соттор тарабынан каралган жазык иштеринин саны өскөндүгүн көрсөттү. Бул үй-бүлөлүк зомбулук көбүрөөк криминалдашып бараткандыгын, анын кесепети адамдын ден соолугу жана өмүрү үчүн оор экендигин, анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизинде адам өлтүрүүгө барып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат.
Мындай жосундарды жасаган адамдарга карата Жоруктар жөнүндө кодексте тийиштүү жаза чаралары каралган. Ошондон улам, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
- Жоруктар жөнүндө кодекстин 76-беренесине ылайык келтирүү максатында мыйзамдын бардык текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “коргоо ордери” деген сөздөрдүн алдына тиешелүү жөндөмөдөгү “убактылуу” деген сөздөр менен толукталат;
- мыйзамдын бардык текстиндеги администрациялык жоопкерчиликке, администрациялык өндүрүшкө жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске болгон шилтемелер алып салынат;
- түрдүүчө окууларды жоюу үчүн калыптоо бөлүгүнө редакциялык түзөтүүлөр киргизилет.
Ошондой эле, мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер менен алардын кызмат адамдары улуттук мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартыларын белгилөө сунушталууда.
Депутат Махабат Мавлянова милиция “коргоо ордери” берип койсо эле үй-бүлөдөгү зомбулук чечилип калбай турганын, бул ишке жергиликтүү коомчулук менен жергиликтүү бийлик органдарын да тартуу зарылдыгын белгиледи.
“Кризистик борборлордо ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар көп болот, милиция кызматкерлери болушу керек”, - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Кризистик борборлордон ошондой маалыматтар түшсө, милиция кызматкерлери дароо ал жерге барып, тийиштүү чараларды көрө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-2018-жылдар аралыгында 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен. Сот тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча администрациялык укук саны 2012-жылы 716 болсо, 2017-жылы 2547ге жеткен же 3,6 эсеге өскөн.
Ал эми 2019-жылы 7045 жосун катталса, анын ичинде 649 кылмыш иши гана сотко өткөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-zombuluktan-saktoo-myjzamyna-zgrtlr-karaldy
Добавить комментарий ×