Үй-бүлөлүк чатак эмнеден келип чыгат?
Көпчүлүк никеге туруп жаткан адамдар тилккке каршы үй-бүлө бул балдар жана биргелешип жашоо эмесмин түшүнө беришпейт. Нике бул бири-бирине болгон камкордук, сыйлоо жана бири-бирин түшүнүү. Бирок канчалык бактылуу болушпасын үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Мунун көптөгөн себептери бар.Алардын айрымдары өтө олуттуу себептер болсо, айрымдары бир сөз менен айтканда жөндөн-жөн эле чыгат.
Алардын эң кеңири таралгандарына адистердин кеңештерине танып "Барометр" сунуштайт.
Жубайлардын чыр-чатактарынын себептери:
Эң эле кеңири тараган себептердин бири-бул кызганыч. Статистика боюнча жубайлар никеге тургандан кийин ага чейинки мамилелерге караганда бири-бирин көбүрөөк кызгана баштайт экен.
Эгоизм - бул дагы кеңири тараган себеп. Бул жубайлардын ар бири өз көмөчүнө күл тарта баштаганда болот.Албетте мындай үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүүгө жетиш кыйын болот.
Турмуш-тиричиликтин маселелери - алар бир катар себептер менен коштолот. Мисалы жубайлардын биринин маянасы аз, турак-үйдүн жоктугу же аялынын тамакты жакшы жасабаганы буга себеп.
Булардын баары эң кеңири таралган себептер. Анан калса алар ар бир үй-бүлөдө индивидуалдуу болот.
Жогорудагыларды карап туруп жубайлардын жашоосунун жакшы жагын эле эмес жаман жагын да кабыл алууга, эмоцияны убагында көрсөтүп, аны чыңалган абалга жол бербөөгө психологдор кеңеш беришет.Ар бир чатакты тынчтык жол менен чечүүгө аракет кылуу да чоң өнөр.
Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-chatak-emneden-kelip-chygat
Добавить комментарий ×