Үй-бүлөдө зомбулуктун 70 пайызы арактын айынан чыккан

15 январь 2020 10:45 1313 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 2019-жылы 6145 жолу убактылуу ордер берилгенин айтты.

Бүгүн депутаттар “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Депутат Дастан Бекешев демек 2019-жылы ушунча жолу үй-бүлөлүк зомбулук болгон дегенди түшүндүрө турганын белгиледи.

Памир Асанов андан сырткары 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталганын айтты. Бул арыздардын 554ү сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 7045 иш тараптар тосмо арыз жазгандыктан кыскартылган. Учурда 560 иш тергелип жатат.

Ички иштер министринин орун басары үй-бүлөдөгү зомбулуктун 4272 учуру эркектин мас болуп алганынан улам чыкканын кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев мас болуп алып үй-бүлөсүндө жаңжал салгандарга арак сатпоо керектигин айтып, ушундай чараларды киргизүү керектигин баса белгиледи.

"Бизде азыр каалаган учурда арак алса болот. Эми арак ичип алып чыр салгандарга сатылбасын дегенди киргизишибиз керек", — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/j-bld-zombuluktun-70-pajyzy-araktyn-ajynan-chykkan



Добавить комментарий