Изоляцияда отурган 93 жаштагы кемпир сыра ичкиси келгенин айтып, 150 бөтөлкө сыра белекке алды
Коронавирустан улам изоляцида отурууга аргасыз болгон 93 жаштагы пенсионер сыра ичкиси келгенин айтып, бейтааныш кишиден 150 даана бөтөлкө сыра алды.
CNN телеканалынын жазышынча, Пенсильвания штатында жашаган 93 жаштагы Олив Веронези үйүнөн чыкпай туруп эле пивонун запасын камдап алды. Ал үйүнүн терезесине “Мага көп пиво керек!” деп кагазга жазып, терезесине коюп койгон. Аны пенсионердин туугандарынын бири тартып алып, интернетке жарыялаган.
Жергиликтүү телеканалдардын бири сүрөткө көңүл буруп, өздөрүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. Аны 5 миллиондон ашык киши бөлүшүп, көптөгөн кишилер пенсионерге бекер эле сыра алып келип берүүгө даяр экенин айтышкан.
Суусундуктарды чыгарган жергиликтүү компания 93 жаштагы кемпирге 150 даана бөтөлкө пиво алып келип берген.
Добавить комментарий ×