Изилдөө: Coca-Cola, PepsiCo жана Unilever пластик менен планетаны булгап жатат

26 октябрь 2021 10:17 2613 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылы пластик менен планетаны эң көп булгаган лидерлер Coca-Cola, PepsiCo жана Unilever компаниялары болду. Бул тууралуу incrussia.ru.булагы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Жыл сайын миңдеген ыктыярчылар ондогон өлкөлөрдүн сууларын изилдеп кайсы компаниялар планетаны булгап жатканын аныкташат.

2021-жылы 45 өлкөдө суу жээктерин изилдөөгө 11 миң ыктыярчы тартылды. 39 өлкөдө Coca-Cola компаниясынын продукциясы, 35 өлкөдө PepsiCo компаниясынын таштандылары табылды. Бул бренддер төртүнчү жылы катары менен рейтингдин сап башында келе жатышат.

Unilever компаниясы үчүнчү орунду ээледи.

Мындан тышкары экологиялык зыян алып келген алдыңкы он компаниянын катарына Nestle, Procter & Gamble, Mondelez, Philip Morris, Danone, Mars  жана Colgate-Palmolive компаниялары кирди.

Ссылка: https://barometr.kg/izild-coca-cola-pepsico-zhana-unilever-plastik-menen-planetany-bulgap-zhatat



Добавить комментарий