Изилдөө: +50 градустук катуу ысык мындан ары катардагы көрүнүш болуп калат

13 июль 2021 14:54 2110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

World Weather Attribution (WWA) долбоорунун алкагында Түндүк Америкадагы экстремалдуу ысыктан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр глобалдык ысыктан улам жылуулук толкундары 150 эсеге жогорулагандыгын көрсөттү. Бул тууралуу ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Оксфорд университетинин окумуштуусу Фридрих Отто бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Биз азыр температура 4-5 градуска мурдагыдан жогору болуп жатканына күбө болуудабыз.Бул нормалдуу эмес. Азыр атмосферага чыгарылып жаткан парник газдарынан улам дагы жакынкы 20 жылда Жердин температурасы 2 градуска жогорулайт.Ар бир 5 жылда же 10 жылда катуу ысыктар болуп турат”,-деп белгиледи окумуштуу.

Канадада жакында болгон ысыкта 700дөн ашык адам каза тапты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/izild-50-gradustuk-katuu-ysyk-myndan-ary-katardagy-krnsh-bolup-kalat



Добавить комментарий