Июлда дүйнөлүк температура тарыхта болуп көрө эле эң жогорку чегине жетти

14 август 2021 10:59 1651 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Океандарды жана атмосфераны изилдөө боюнча улуттук башкармалык (NOAA) июль айы 1880-жылы башталган метеобайкоонун тарыхындагы эң ысык ай болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости булагын таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Июль айында Түндүк Америкада, Европада, Түштүк Африканын түндүк жана түштүк бөлүгүндө, Түндүк Африкада, Азиянын түштүк бөлүгүндө, Океанияда, Тынч, Атлантика жана Инди океандарынын батыш жана түндүк бөлүктөрүндө температура абдан жогору болду.

2021-жылдын июль айында кургак жер менен океандын үстүндөгү температура өткөн кылымда катталган көрсөткүчтөн болжол менен 1 градус жогорулады.

БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобу 2030-жылга карай Жерде температура коркунучтуу чекке жетип, анын натыйжасында нөшөрлөгөн жамгырлар менен суу ташкындары, кургакчылык, деңиздердин деңгээлинин көтөрүлүшү көп каттала турганын эскертти.Мындан улам адамзатты айыл чарба, коопсуздук тармагында жана саламаттык жаатында кыйынчылыктар күтүшү мүмкүн экендиги айтылды.

Адистер аны токтотуш үчүн атмосферага чыгарган парник газдарын азайтууну сунуш кылышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iyulda-djnlk-temperatura-taryhta-bolup-kr-ele-e-zhogorku-chegine-zhetti



Добавить комментарий