Кыргызстанда абанын температурасы качан төмөндөйт?

27 июль 2021 16:56 1788 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 30-июлдан тартып республикасынын баардык аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, абанын температурасы 5-8 градуска ылдыйлайт. 30-июлда эң жогорку ысык температура +31 градус болот.

“Республика боюнча 24-27-июлда аномалдуу ысык катталды. Июль айында температура дайыма жогору болот. Аймакка Афганистан сыяктуу ысык өлкөлөрдөн аба агымдары келди”,-деп билдиришти аба ырайын алдын ала болжолдоочулар.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда эң ысык аба ырайы 1983-жылы 30-июлда катталган, анда абанын температурасы 42,8 градуска жеткен.

“Кечээ Бишкекте эң ысык аба ырайы катталды, баш калаада +41,3 градус ысык болду”,-деп билдиришти Кыргызгидрометтен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-abanyn-temperaturasy-kachan-tmndjt



Добавить комментарий