Өзбекстанда издөөдө жүргөн журналист Кыргызстандан кармалды

10 август 2020 09:49 1243 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

8-августта КРнын УКМКсы 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-жылы туулган А.Б. аттуу өзбек жараны кармалды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камагына алынды. Азыркы учурда КРнын башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-zbekstan-respublikasynyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий