Издөө салабыз! Караколдо 17 жана 10 жаштагы кыздар дайынсыз болуп жатат
Караколдо 17 жана 10 жаштагы эже-сиңдилер эки күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Каракол ШИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, кыздар 28-майда болжол менен саат 10.00 чамаларында үйдөн чыгып, кайра кайтып келишкен эмес.
“Бизге, 29-майда 47-жаштагы жергиликтүү тургуну кайрылып, анын жаш өспүрүм кыздары 17 жаштагы Аделя Сапарахунова жана 10жаштагы Мырзайым Сапарахунова дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле учурда, улуу кызынын уюлдук телефону өчүк экенин билдирген”,- деп айылат Каракол ШИИБнин маалыматында.
Аделя Сапарахунованын белгилери: бою 155-160 см, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара ийнинен ылдый, көздөрү жана каштары кара, мурду түз.
Кийген кийими: узун көйнөк, джинсы куртка, ак түстөгү кроссовка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Мырзайым Сапарахунованын белгилери: бою 130-140 см, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы каре кара түстө, көздөрү жана каштары кара, мурду түз.
Кийинген кийими: чакмак узун көйнөк, кызгылт глей тапочка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Эгерде, кимдир бирөө сүрөттөгү кыздарды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюушуңуздарды өтүнөбүз.
Байланыш үчүн телефон номурлар: (03922) 5-13-80, 5-84-13, 0701 54 91 02 же 102.
Ссылка: https://barometr.kg/izd-salabyz-karakoldo-17-zhana-10-zhashtagy-kyzdar-dajynsyz-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×