Июндун соңуна чейин мунайдын баасы дагы кымбаттайт

24 июнь 2021 12:08 3477 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Июнь айынын соңуна чейин күйүүчү-майлоочу материалдарга карата баалар дагы 1,5-2 пайызга жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 24-июнда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Эшатов июнь айынын башында уюм күйүүчү майдын баасы 4 пайызга кымбаттай турганын эскерткенин белгилеп өттү.

“Июнь айында кымбаттоо 2 пайызды түздү, айдын соңуна чейин баалардын жогорулашы дагы 1,5-2 пайыз болот”, - деп айтты аткаруучу директор.

Мындан тышкары ал Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору айдын ортосунда баалардын жогорулатканын кошумчалады.

Анын айтымында, жыл башынан бери Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдору күйүүчү майдын баасын тоннасына 300 доллардан 600 долларга чейин жогорулаткан.

Директор учурда Кыргызстанда мунай тартыштыгы жок экенин белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/iyundun-souna-chejin-munajdyn-dagy-kymbattoosu-ktld



Добавить комментарий