IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылды
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу “Анадолу” агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркиянын Бурса шаарында өтмөк.
“IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын президент Режеп Тайып Эрдогандын сунушу менен 2020-жылы Түркияда өткөрүү пландалган. Бирок Түрк Кеңеши, Түркиянын жаштар жана спорт министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы чогуу жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, иш-чара коронавируска байланыштуу 2021-жылына жылды», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан тарта өткөрүлүп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/iv-djnlk-kchmndr-oyundary-2021-zhylga-zhyldy
Добавить комментарий ×