Италияда "Мона Лизанын туугандарыбыз"- дегендер табылды
Италияда өздөрүн Мона Лизанын алыскы туугандарыбыз, биздин аталарыбыз бир кишиден тараптыр дегендер чыкты. Бул тууурасында segodnia.ua маалымат агенттиги жазды. Өздөрүн Жоконданын тукумдарынанбыз деп эсептеген Наталья жана Ирина Строццийлер бул тууралуу аларга чоң энеси айтып кеткендигин айтышууда. Учурда тарыхчылар менен биргеликте иликтеп, окуянын чын экендигине ишенишээрин билдиришүүдө. Алардын айтымында сүрөткө түшкөн аял жибек саткан соодагердин аялы болгон. Ал аял, кыздардын айтымында алардын чоң энесинин чоң энеси, айтор ата-бабаларынан болот экен.
16 кылымдагы тартылган бул сүрөткө ким түшкөнү азыркыга чейин талаш-тартышты жаратып келет. Кээ бири Винчи өзүн аял катары тарткан дешсе, башкалары ак сөөк аялдардын бири болгон дешет. Сүрөттүн түп нускасы Париждеги Лувр музейинде сакталып турат.
Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-mona-lizanyn-tuugandarybyz-degender-tabyldy
Добавить комментарий ×