Италияда көпүрө кырсыгынан каза болгондордун саны 35ке жетти

15 август 2018 19:25 1516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Италиядагы Генуя шаарында көпүрө кырсыгынан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн куткаруучуларынын маалыматына шилтеме берүү менен чет элдик булактар жазышууда.

Узундугу 200 метрге барабар болгон көпүрө кечээ, 14-августта урап кеткени кабарланган. Анда 22 адам каза болуп, 13 адам дайынсыз болуп жаткан эле. Учурда жабыркаган 10го чукул адам даарыланууда.

Ураган Моранди көпүрөсү темир жол жана үйлөрдүн үстүнөн өтөт. Анын жарымы кулап, ондогон автоунаалар кырсыкка учураганы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-kpr-kyrsygynan-kaza-bolgondordun-sany-35ke-zhetti



Добавить комментарий