Испаниялык дарыгер коронавирустан коргой турчу азык-түлүктү санап берди

16 март 2020 17:13 1640 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жер-Орто деңизи диетасы организмге коронавирустун кирүүсүнө жол бербейт. Мындай пикирин испанилык дарыгер Хосе Мануэль Фернандес Гарсия билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, кишилер көбүрөөк жашылча, жер-жемиш жана чөп-чар жеш керект. Адис андан сырткары кесилип, бөлүнбөгөн азыктарды колдонууну сунуштады.

Жумасына жок дегенди бир жолу эт же балык жеш керек. Булардын ичинен балыктын эти пайдалуурак экенин айтып, канаттуулардын дагы эттерин жесе боло турганын кошумчалады.

Андан сырткары жумасына эки-үч жолу буурчак жана сүт азыктарын да колдонуу керектигин эскертет. Тамак-ашты зайтун майына (оливковое масло) кууру керектигин кошумчалаган. Ал эми десертке кургатылган жер-жемишти жесе пайдасы көп болот.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 6,5 миңден ашык кишинин өмүрүн алды. Жүз миңден ашык кишиге жукканы ырасталган.

Кыргызстандын бийлиги дагы эл көп чогулган жерлерге барбай турууну жана той-топурду токтотууну сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyalyk-daryger-koronavirustan-korgoj-turchu-azyk-tlkt-sanap-berdi



Добавить комментарий