Испанияда жер көчкүдөн улам поезд рельстен чыгып кетти

20 ноябрь 2018 17:40 1479 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Испанияда жер көчкүдөн улам жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматта айтылгандай, окуя бүгүн 20-ноябрда эртең менен болгон. 150 дөй жүргүнчүлөрдүн ичинен 44 адам ар түрдүү жаракаттарды алышып, бирөө каза болду.  Кырсык Испаниядагы Терраса жана Манреса шаараларынын ортосунда катталгандыгы айтылды. Испаниянын  Renfe деп аталган мамлекеттик темир жол кызматы кырсыктын кесепети эзилип калган жер көчкүдөн улам келип чыккандыгын айтышууда. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyada-zher-kchkdn-ulam-poezd-relsten-chygyp-ketti



Добавить комментарий