Испанияда дарыгерлер бир учурда өспүрүмдүн алты органын алмаштырышты
Бөлүшүү:
Испаниядагы Hospital La Paz ооруканасынан бир учурда алты органы алмаштырылган өспүрүм чыгарылды.
Europa Press басылмасынын жазышынча, Виктор аттуу балагы февраль айынын аягында операция жасалып, бир учурда ашказаны, боору, он эки эли ичегиси, ичке жана жоон ичегилери менен карын бези алмаштырылган.
Баланын апасынын айтымында, ал кош бойлуу кезинде эле дарыгерлер анын ден соолугу жайында болбошу ыктымалдыгын эскертишкен.
Операциянын олуттуу жана оор болгонунан карабай жаш бейтапты ооруканадан эки айдан кийин чыгарышты.
Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyada-darygerler-bir-uchurda-sprmdn-alty-organyn-almashtyryshty
Добавить комментарий ×