Ислам оюндары: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

11 август 2022 17:06 1868 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюундарынын беттешинде Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 11-августа килемге чыгып жарым финалга чыкты.

Эске сала кетсек, Тыныбекова ушул жылдын апрель айында дүйнөлүк чемпионатта бутунан жаракат алып калган. Балбан кыз жаркат алгандан кийинки биринчи беттеши болду.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу. Кыргызстандан Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын, «Даңк» медалын, II даражадагы «Манас» орденин алган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

Балбан кызыбызга күч-кубат тилеп, жеңиш менен өлкөгө кайтышына тилектешбиз.


Ссылка: https://barometr.kg/islam-oyuundary-ajsuluu-tynybekova-zharym-finalga-chykty



Добавить комментарий