Иштамбердидеги көтөрүлүштү кылмыштуу топ уюштуруп жатабы?

29 июнь 2018 20:30 2082 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Иштамбердидеги көтөрүлүштүн артында уюшулган кылмыштуу топтун өкүлдөрү турат деп билдирди barometr.kg ге  укук коргоо органдарынын өздүк булактарынан. Берилген ыкчам маалыматтарга ылайык көтөрүлүштү уюштургандар  жергиликтүү калкты колдонуу менен ишке ашырган. 

"Алтын мафия" деп аталган кылмыштуу топ келечекте өздөрүнүн ишин тескеп туруу үчүн өзүнүн кишилерин ушундай жол менен жумушка орноштурууга түрткөн. Алгач аба менен сууну булгап жатышат деген шылтоо менен, кийинчерээк компанияга каршы козголоңго ачык эле чыгышкан. 

Эске салсак, жергиликтүү нааразы болгон эл кен мыйзамсыз иштеп жатканын, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, жолдорду салып берүүнү жана калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылып чыгышкан. Жыйынтыгында кен казуу ишмердүүлүгү токтотулган.

Аба менен суу булганган эмес. Анда эмне тынчыздандырат?

Ал ортодо  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана профилактика жүргүзүү борбору суу менен абаны текшерүүдөн өткөрдү. Лабараториялык изилдөөнүн натыйжасында 2018-жылдын 13-июнуна карата Тескей суусунун экологиялык абалы талапка ылайык жооп берет дешти. Ошондой эле абанын булганышы чектен ашпаган. 

Экологиялык булгануудан сырткары жергиликтүү жашоочулар ички жолдорду оңдоону талап кылышкан. 

Фискалдык органдардын берген маалыматына караганда, Иштамберди кен казуучу жайын иштетип келген кытайлык инвесторлорго таандык  “Фулд Голд Майнинг” фирмасы Ала-Бука районунун бюджетине жана инфраструктураларына 29 млн 563 тыс. 592 сом которгон. 

Мындан сырткары кампания тарабынан Чаткал районундагы Кызыл-Токойдон баштап Терек сай айылына чейинки 4,3 км узундуктагы негизги жолду курууга жардам берилген. Ошондой эле Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы медициналык пунктарды, көпүрөлөрдү жана башка социалдык обьектилерди курууга көмөк көрсөткөн.

Катаал  шартка байланыштуу кышкысын кен казуу иштери токтотулат, тактап айтканда жылына болгону кампания 7 ай гана иштейт. Ал эми бул жылы митинге байланыштуу 2 айга дагы иш токтотулду. 

Ушул жылдын  19-февралында  70-80дей  арматура менен куралданган адамдар кенге кирип келип каптарга алтын кендерин салып кетишкен. Андан соң 13-мартта 20га жакын жергиликтүү тургундар Иштамберди  алтын кенин иштетип жаткан 15 фураны токтотушкан. Эми май айынан тарта кампаниянын ишкердүүлүгүн токтотуу боюнча митингдерге чыгышты. 

12-июнда Кызыл Токой жана Терек Сай айылынын тургундары Иштамбердидеги кен казуу территориясына 300 дөн ашык эл чогулуп, суу аркылуу фабриканын ичине киришип, кытайлык жумушчулардын бирөөсүн ур-токмокко дагы алып жиберишкен. Бир канча техникалык жабдыктарды талкалап, электр энергиясын өчүрүп, ишти токтотууну талап кылышкан. Жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери  көтөрүлгөн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен таратышкан. 

Жоопкерчиликти ким алат?

Ушундай абалда иш улана берсе, мамлекеттин экономикасына тийгизген таасири кандай болот? Жергиликтүү бийлик кампанияны иштетүүдө каражат менен камсыздоосу келип чыгат. Мамлекет миллиондогон акча каражаты менен ишти алып кете алабы деген суроо туулат. 

Иштамберди кенинде кен казуу иштери 2008-жылы башталып, ишкана толук кандуу 2016-жылдын июнь айында жумушка киришкен. Кытайлык инвесторлорго таандык «Фулд Голд Майнинг» компаниясы жылына 17 млн сом өлчөмүндөгү каражатты бөлгөн. Ал эми 2008-жылдан бери Кыргызстандын экономикасына 159,680 млн АКШ доллары кетирилген. 

Кен казуу ишканасында 711 адам иштейт, анын 611 Кыргыз Республикасынын жараны, 100гө жакыны кытайлыктар. Ал эми орточо айлык 20 миң сомду түзөт. Ай сайын фондго жумушчулардан 18-20 млн сомдой акча түшүп турат. 

Ссылка: https://barometr.kg/ishtamberdidegi-ktrlsht-kylmyshtuu-top-uyushturup-zhataby



Добавить комментарий