Исфананын тургунун уктап жатканда бычактап кетишти
Лейлек районунда киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Баткен областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Киши өлтүрүү кылмышы Исфанада 28-августта болгон. Эркек киши өз үйүндө уктап жаткан маалда учтуу нерсе менен бир нече ирет сайгылап кетишкен.
“Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталды. Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн бири аныкталды. Анын үйүн тинтүүгө алган кезде ТОЗ-8 винтовкасы, патрондор, баңгизаты табылды. Ал дагы бир шектүү менен жашынып калган бирок аларды кармашты”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/isfananyn-turgunun-uktap-zhatkanda-bychaktap-ketishti
Добавить комментарий ×