Исфана шаарындагы жаңы конуш селдин нугуна курулуп калган
Исфана шаарындагы жаңы конуш селдин нугуна курулуп калганын Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирип, мындай көрүнүш кайталанбоо үчүн азырынча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Ал эми депутат Сайдолимжон Жураев өкмөт тарабынын жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөй жатканын айтты.
“Маселен, Баткен облусунун көп аймактарында жыл сайын сел жүрүп, жергиликтүү жашоочулар жабыркап келишүүдө. Өз убагында алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн жергиликтүү жетекчилерге чара көрүү керек” - деди ал.
Ал эми депутат Карамат Орозова сел каптаган айылдагы турак үйлөрдүн абалына токтолуп, мамлекеттен берилүүчү каражаттарды тездетүү керектигин Өкмөткө сунуштады.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров азырынча каражат жабыр тарткан аймак тургундарына бериле электигин маалымдады.
Эскерте кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Баткен жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулууда.
Ссылка: https://barometr.kg/isfana-shaaryndagy-zhay-konush-seldin-nuguna-kurulup-kalgan
Добавить комментарий ×