Исаков: Шенген визасын алгандар коронавирус чыккан өлкөгө барганын жашырып коюшууда
Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында Шенген визасын алгандар Европанын кайсы мамлекеттерине барып келгенин аныктоодо кыйынчылыктар болуп жатканын айтты.
“Айрым жарандар Шенген визасын алып Италияга барса, же коронавирус чыккан мамлекетте болуп келген болсо аны жашырып коюп жатат. Шенген визасын алгандардын кайсы мамлекеттерде болгондорун аныктоо кыйын экен. Ошентсе да биз аларды аныктап жатабыз”, — деди ал.
Министрдин орун басары ошондой эле, учурда коронавирусту аныктай турчу тесттер жетиштүү көлөмдө экенин айтты.
“Коронаврусту аныктай турчу тесттер жетиштүү. Россия көп жардам берип жатат. Андан сырткары Япония жана Түштүк Кореядан алып жатабыз”, — деди Исаков.
Эске салсак, бүгүн, 18-мартта, Сузак районунда Сауд Аравиясына умрага барып келген үч жарандан коронавирус табылган. Андан кийин райондун акими аймакка карантин киргизилип, өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдаган.
Добавить комментарий ×