Иса Өмүркулов “булардан кессең дагы кан чыкпай калды” деп кимге жинденди?
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жерлерди трансформациялоо иштерин кечеңдетип жаткандыктан өкмөттү жалпы жыйында катуу сынга алды.
“Булардан кессең дагы кан чыкпай калды. Юстиция министрлигинин, жер агенттигинин, айыл чарба министрлигинин, өкмөттүн өкүлү отурат. Ушул транформация маселесин чечпей койдуңар Элементардуу түрдө эле акимдерге таза суу, таштанды полигону, көрүстөн сыяктуу жерлерди трансформациялоого укук берели дедик эле. Ушуну жарым жылдан бери чечпей жатасыңар. Эмне иш кылып жатасыңар мен түшүнбөйм. Булар эң көйгөйлүү маселе”, — деди ал.
Өмүркулов аймактардан депутаттар жана башкалар тобу менен келип трансформация ишин качан бүтүрөсүңөр деп алардан сурап жатканына токтолду.
“Өкмөт дагы жакында отчет берет, ошондо сурайбыз. Ошого жараша баа беребиз. Мыйзамдын долбоору келмейинче эч нерсеге ишенбейм, депутаттар дагы ишенбейт”, — деп депутат өкмөттүн ишине нааразы болду.
Ссылка: https://barometr.kg/isa-mrkulov-bulardan-kesse-dagy-kan-chykpaj-kaldy-dep-kimge-zhindendi
Добавить комментарий ×