Ишкерге 2 млн сомдон ашуун чыгым кылып, качып жүргөн кыргыз жарандары Москвадан кармалды

11 сентябрь 2020 16:53 634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Алдамчылык иш-аракеттерине шектүү жаран Москва шаарынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"2019-жылдын апрель айында Бишкек шаарында үч жаран, анын ичинен Азиз аттуу адам чет өлкөдөн автоунааларды сатып алабыз деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, баасы 1 397 000 сомдук (20000АКШ долллар) турган «Toyota Avalon», 768 350 сомдук (11 000 АКШ доллары) «Hyundai Elantra» үлгүсүндөгү унааларын ээлеп алган. Укукка жат иш-аракеттин натыйжасында ишкерге 2 165 350 сомдук чыгым келтирилген. 2019-жылдын 10-апрель күнү аталган факты КЖБРге катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Кармалган жарандардын бирине КРнын жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин материал сотко жөнөтүлгөн. Эки шектүү, анын ичинде Орозбаев Азиз Алишерович алдамчылык иш-чаракеттеринен кийин издерин жашырып качып кетишкен. Тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү алып келүү боюнча бир нече жолу тергөө тапшырмасы берилген. 2020-жылдын январь айында 1989-жылы туулган А.М. менен 1989-жылы туулган А.Орозбаевге КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. 2020-жылдын март айында шектүүлөр издөөгө алынып, сотко чейинки өндүрүш КРын ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык токтотулган", -деди ИИМ.

Алдын ала алынган маалымат боюнча издөө жарыяланган А.Орозбаев 2020-жылдын 4-сентябрь күнү Москва шаарынын Красносельск районунун аймагында аймактык укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бишкек шаардык Ленин РИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Красносельск районунун бөлүмүнө издөөгө алынган жаранга карата тиешелүү документтер жөнөтүлгөн. Кармалган жаранды эсктрадициялоо маселеси КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан чечилет.



Ссылка: https://barometr.kg/iri-lchmd-aldamchylykka-shekt-kyrgyz-zharan-moskvadan-karmaldy



Добавить комментарий