Ирандык режиссерду ата-энеси өлтүрүп, денесин бөлүп салышкан

20 май 2021 15:29 1056 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Ирандык 47 жаштагы кинорежиссер Бабак Хоррамдинди ата-энеси аны өлтүрүп, денесин бөлүп салышкан. Бул жөнүндө Lenta.ru сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кинематографисттин денесинин бөлүктөрү 16-май, жекшемби күнү Тегерандын батыш тарабында таштанды салынган баштыктардан жана чемодандан табылган. Маркумдун атасы сотто уулунун денесине наркоз сайып, бычак сайып, денесин бөлүп, сөөктөрдү ыргытып жибергенин мойнуна алган.

Хоррамдинди өлтүрүүгө жана денесин кескилеп, бөлүп салууга шектелип, анын энеси камакка алынган. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Маалыматка караганада, режиссёр менен атасынын ортосундагы чыр "адеп-ахлаксыз жашоо образынан" жана никеге туруудан баш тартуудан улам келип чыккан.

 Хоррамдин 2009-жылы Тегеран университетинин көркөм сүрөт факультетин аяктаган. Лондондо кино жаатында билим алган. Ал жерде бир нече кыска метраждуу тасмаларды тарткан

Ссылка: https://barometr.kg/irandyk-47-zhashtagy-rezhisserdu-ata-enesi-ltrp-denesin-blp-salyshkan



Добавить комментарий