Иранда кырсыктаган учак Кыргызстандан эт ташып бара жаткан

14 январь 2019 15:32 1821 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектен учуп чыгып, Тегеранга жакын жерде кулаган учак эт ташып бара жаткандыгы маалым болду. Бул тууралуу Khaleej Times маалымат агенттиги жазды. 

Ага ылайык кырсыктаган учак Ирандын аба күчтөрүнө таандык болгон. Кырсыктын себеби азырынча толук изилдене элек, бирок айрым маалыматтарга ылайык учкуч конуу учурунда учуучу аба сызыгынан чыгып, эл жашаган аймак тарапка бурулуп кеткен. Учактын ичинде экипаждын 16 мүчөсү болсо, алардын бирөөсу гана аман калгандыгын чет элдик ММКлар жергиликтүү агенттиктердин шилтемелери менен беришти.

Ал эми кырсыктаган учак Бишкектен чартердик каттам аткарганын жана  14-январь күнү саат 7.16да учуп чыккандыгын "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады. 

Ссылка: https://barometr.kg/iranda-kyrsyktagan-uchak-kyrgyzstandan-et-tashyp-bara-zhatkan



Добавить комментарий