Интернет жылдызы "бийчи миллионер" Жанлука Ваккинин кызы туубаса майып болуп төрөлгөн
52 жаштагы италиялык ишкер жана интернет жылдызы, дүйнө жүзү боюнча "бийлеген миллионер" деген ат менен белгилүү Жанлука Ваккинын кызы туубаса майып болуп төрөлгөн. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Октябрдын аягында 52 жаштагы италиялык ишкер Жанлука Вакки жана анын 25 жаштагы сүйүктүүсү Шэрон Фонсека ата-эне статусуна ээ болушкан. Жубайлар кыздуу болуп, ага Блу Иерусалим деп ат коюшкан. Кызы төрөлгөндөн эки ай өткөндөн кийин, Вакки жана Фонсека алгач анын сүрөтүн жалпы коомчулукка көрсөтүштү. Ошондой эле, өзгөчө наристе тууралуу кеп кылышты. Жубайлар кызынын таңдайдын жыртыгы менен төрөлгөндүгүн - бул тубаса майып экенин жашырышкан жок.
“Кызыбыздын төрөлүшүн биз сүйүнүү менен бөлүшкүбүз келет. Акыры аны менен таанышканыңызга биз абдан кубанычтабыз. Кызыбыз тубаса таңдайы жарык болуп төрөлдү. Биздин жан дүйнөбүз жана жүрөгүбүз дароо кызыбыз менен болду. Мындай көрүнүш 700 ымыркайдын биринде кездешет экен. Бизде чоң дарыгерлер тобу бар экендиги жана алар өз убагында операция жасап, кызыбыздын кадимкидей жашашына жардам берерине биз абдан үмүттөнөбүз”, - дешти алар.
Социалдык тармактарда бийлегени менен белгилүү болуп, "бийчи миллионер" деген каймана ат алган Жанлукинин сүйүктүүсү менен мамилеси үч жыл мурун башталган. Фонсека биринчи наристелүү болду, бирок анын сүйгөнүнүн балдары боюнча интернетте карама-каршы маалыматтар таркаган. Айрым маалыматтарга караганда, жаңы төрөлгөн ымыркай Блудан тышкары, ишкердин бойго жеткен кызы дагы бар. Башка маалыматтардын айтымында, миллионердин буга чейин баласы болгон эмес.
Добавить комментарий ×