Интернет кафелерден уюлдук телефон уурдап жүргөн киши кармалды

18 февраль 2020 12:13 791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 12-февралда калаа тургуну кайрылып, Байтик баатыр менен Дружба көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет кафеден белгисиз киши Samsung үлгүсүндөгү баасы 13 миң сом болгон уюлдук телефонун уурдап кеткенин айтып арыз жазган. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары учурунда Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 46 жаштагы Г.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Райондук милиция эгер кылмышкерлерден жапа чеккендер болсо 0(702) 000-884, 0312 54-41-84 жана 102 номерине чалууну өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/internet-kafelerden-uyulduk-telefon-uurdap-zhrgn-kishi-karmaldy



Добавить комментарий