Instagram дагы фейсбук жана твиттерди утурлай Дональд Трамптын аккаунтун тоңдурду

7 январь 2021 10:40 728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Фейсбук жана твиттерден кийин эле Instagram социалдык тармагы дагы АКШнын президенти Дональд Трамптын аккаунтун тоңдурду. Бул тууралуу аталган тармактын башчысы Адам Моссеринин твиттердеги баракчасына жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"Биз дагы фейсбук жана твиттер сыяктуу эле президент Трамптын Instagramдагы аккаунтун 24 саатка тоңдуруп жатабыз", - деп жазган ал.

Буга чейин твиттер президенттин аккаунтун 12 саатка, ал эми Facebook 24 саатка тоңдурган.

Бул социалдык тармактар жана Youtube дагы Трамптын митингчилерге жолдогон видео кайрылуусун бөгөттөп, алардын эрежелерин бузуп жатат деп түшүндүрүштү.

6-январда Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан. Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек экенин билдиришкен.Трамп Капитолийдин алдындагы нааразычылык акциясына чыккандарга кайрылып, шайлоолор мыйзамсыз "уурдалган" деди. Ошондой эле ал тарапташтарын үйүнө кетүүгө чакырган. 

Ал ортодо, конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан учурда митингчилердин бир тобу Капитолийдин имаратына бастырып киришти.

Массалык башаламандык учурунда полиция менен кагылышуу болуп, төрт адам каза болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-dagy-fejsbuk-zhana-tvitterdi-uturlaj-donald-tramptyn-akkauntun-durdu



Добавить комментарий