Инфляциянын деңгээли I жарым жылдыкта 7,3 пайызды түздү
2021-жылы январь-июнь айында 2020-жылдын декабрь айына салыштырганда керектөө баалары менен тарифтер республика боюнча 7,3 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн,13-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук стастистикалык комитеттин бөлүм башчысы Чинара Турдубаева маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, азык-түлүктөр менен суусундуктарга баалар 11 пайызга, алкоголь менен тамеки каражаттарына 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,1 пайызга, калкка көрсөткөн тейлөө 1,2 пайызга кымбаттады.
Эң көп картошка, кум шекер, өсүмдүк майы, койдун эти, жашылча жемиштер, жаңы мөмө жемиштер, балык кымбаттаган.
Ссылка: https://barometr.kg/inflyaciyanyn-degeeli-i-zharym-zhyldykta-73-pajyzdy-tzd
Добавить комментарий ×