Вице-премьер Исмаилова БУУнун өкүлү менен инфекциянын жайылуусуна каршы биргелешкен кадамдарды талкуулады

20 апрель 2020 14:01 953 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту . Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана аталган багыттагы мындан аркы кызматташуу боюнча биргелешкен пландарды талкуулады.

Вице-премьер-министр Аила Исмаилова белгилегендей, учурда  Өкмөттүн ишинде саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо тутумуна өзгөчө басым жасалууда. Мындан тышкары, коронавирус инфекциясынын очогун жоюу иштери аткарылып, оорулуулардын санын кыскартуу жана ооруга чалдыккан жарандарды дарылоо боюнча чаралар кабыл алынууда.

Кыргызстандагы  БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело эскерткендей, КР президенти менен жакында болуп өткөн жолугушууда өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу жемиштүү пикир алмашуу жүрүп, инфекциянын мындан аркы жайылуусуна каршы биргелешкен кадамдар талкууланды.

Ошондой эле ал Мамлекет башчынын БУУ Башкы катчысына кайрылуусун канааттануу менен белгиледи, анда Антониу Гутерриштин демилгесин жана анын бирикмеге мүчө-мамлекеттерди күч-аракеттерди бириктирүүгө жана пандемияга каршы күрөштү каржылоо үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасындагы гуманитардык жооп кайтаруу глобалдык планын ишке киргизүүгө чакырыгын колдоо камтылган.

Мындан тышкары Озонниа Ожиело БУУ тутумуна кирген ар түрдүү түзүмдөрдүн жана тармактык мамлекеттик органдардын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен иши тууралуу айтып берди.

Ссылка: https://barometr.kg/infekciyanyn-myndan-arky-zhajyluusuna-karshy-birgeleshken-kadamdar-talkuulandy



Добавить комментарий