Индонезиядагы цунамиден кийин каза болгондордун саны өсүүдө
23-декабрдагы Индонезияда болгон цунамиден 1400 киши жаракат алып, дагы 120 адам дайынсыз болууда. Ал эми каза болгондордун саны 370ден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индонезиянын президенти Жоко Видодо кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырып, учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди:
"Мен курмандыктарга алып келген табигый кырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырам. Азыркы учурда ар бир адам сак жана сергек болушу шарт. Биз элди көчүрүү иштерин улантып, каза болгондорду алып чыгып жатабыз. Жаракат алып ооруканага жеткирилгендерге жардам көрсөтүлүүдө", - деди президент.
Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр, мейманканалар, имараттар талкаланды, 12 миңге жакын адам жашаган жеринен көчүүгө мажбур болду.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyadagy-cunamiden-kijin-kaza-bolgondordun-sany-sd
Добавить комментарий ×