Индонезияда учак деңизге кулады
Индонезиялык "Lion Air" авиакомпаниясына таандык "Boeing 737-800" үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы борбор шаар Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин кырсыкка кабылды.
"Би-Би-Си" маалымат кызматынын билдиргенине караганда учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган.
Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алган лайнер учуп чыккандан болжол менен 10 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголуп кеткен.
Учактын бортунда канча киши болгону азырынча белгисиз.
Каттамды аткарган "Boeing 737-800" учагына 180-200дөй киши батат.
"Lion Air" - Индонезиядагы эң чоң жеке авиакомпания. Компаниянын 100дөн ашык учактары бар.
Учурда кырсык тууралуу иликтөөлөр башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-uchak-deizge-kulady
Добавить комментарий ×